Биз менен байланышыңыз

Сузак районунда айыл өкмөт башчысы камакка алынды

Кыска кабар | 2 Июн 2023 | 277 | 0

Сузак районундагы Ырыс айыл өкмөтүнүн жетекчилери кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Кармалгандар «жеке турак жай куруу үчүн бөлүнгөн жер тилкелерин берүүдө коррупциялык схема уюштурган» деп шектелүүдө. Тактап айтканда, шектүүлөр жергиликтүү тургундарга кезексиз жана акысыз берилүүгө тийиш болгон бир катар курулуш багытындагы жана айыл чарба багытындагы жер тилкелерин жасалма токтомдордун негизинде акчага сатып келишкен. Аны менен катар, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Сузак райондук бөлүмүнүн айрым кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, ал жерлерге жасалма укуктук актыларды жасап беришкен.

Мындай мыйзамсыз иштерди алар 10 жылдан бери жасап келишкени, айрыкча, стратегиялык жана республикалык мааниге ээ «Бишкек-Ош» жолунун боюндагы жана бизнеске ылайыктуу жерлерди ишкерлерге сатып, пайда көрүп турушканы айтылат маалыматта.

Фактылардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (кызмат абалынан кыянат пайдалануу) менен иш козголуп, Ырыс айыл өкмөтүнүн башчысы Х.Т.Ж. жана анын орун басары А.А.А., «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын Сузак райондук филиалынын жерге жайгаштыруу боюнча башкы адиси К.Б.И. Жалал-Абад облусундагы тергөө абагына камалган.

Шектүүлөрдүн үйүн тинтүү учурунда кылмышын далилдөөгө айгак боло турган бир катар документ-материалдар табылган. Учурда тергөө жүрүп жатканы белгилүү болду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM