Биз менен байланышыңыз

Украина: Киев кайрадан чабуулга кабылганы кабарланды

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2023 | 397 | 0
Сүрөт: Reuters

1-июнга караган түнү Украинанын Киев шаары жаңыдан ракеталык чабуулга кабылып, үч аймакка урандылар түшүп, үч адам каза болгону кабарланды.

BBC орус кызматы полициянын маалыматына таянып, Киевдеги кол салууда курман болгондордун арасында 11 жаштагы кыз жана анын апасы бар экенин билдирди.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Аскер-аба күчтөрү Киев шаарына учкан 10 «Искандер-М» жана 3 «Искандер-К» ракетасынын баарын атып түшүргөнүн жарыялады.

Белгород облусунун губернатору Шебекино шаары эки күндүн ичинде экинчи жолу массалык аткылоого туш болгонун жарыялады, анын айтымында, сегиз адам жарадар болду.

Ошол эле учурда Белгород бийлиги Шебекино аймагындагы чек арада «Украинанын куралдуу күчтөрүнүн бурулушу» тууралуу маалыматты четке кагып, «согуштун үнү угулуп жатат» деп билдирүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 28-майга караган түнү Украинага пилотсуз учак менен эң ири чабуул жасалганын билдирген.

АКШ Украинага дагы 300 млн долларлык аскердик жардам берет

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM