Биз менен байланышыңыз

АКШ Украинага дагы 300 млн долларлык аскердик жардам берет

Дүйнө , Кыска кабар | 1 Июн 2023 | 250 | 0

АКШ Украинага 300 миллион долларга бааланган аскердик жардамдын жаңы топтомун жөнөтөт. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук коопсуздук кеңешинин стратегиялык коммуникациялар боюнча координатору Жон Кирби билдирди.

Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдагандай, жардамдын жаңы топтомуна Stinger зениттик-ракеталык комплекстери, Avenger абадан коргонуу системасы, танкка каршы AT-4 системалары, 30 миллиондон ашык ок-дары, аймактарды минадан тазалоочу жабдуулар, түрдүү калибрдеги снаряддар, Patriot абадан коргонуу системасы жана HIMARS реактивдүү системалары үчүн ок-дарылар кирет.

21-майда АКШ Украинага 375 миллион долларлык аскердик жардамдын кезектеги топтомун берерин жарыялаган. Ага артиллерия менен ок-дарылар, HIMARS системасы үчүн снаряддар жана башка аскердик техникалар кирген. Мындан тышкары бул сумманын бир бөлүгү украин аскерлерин окуудан өткөрүүгө да жумшалары кабарланган.

Буга чейин Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын Киевге берген жардамдын жалпы суммасы 37 миллиард доллардан ашканын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM