Бүгүн, 31-майда Кемпир-Абад иши боюнча камакта отурган активисттердин, блогерлердин жана саясатчылардын адвокаттары маалымат жыйын өткөрүштү. Анда ИИМдин тергөө кызматы айыпталгандардын конституциялык укуктарын жана соттук териштирүүнүн негизги принциптерин бузуп жатканы айтылды. Жактоочулар укук бузуулар боюнча түшүндүрмө беришип, тиешелүү тараптарга кайрылуу жолдошту.
Адвокаттардын айтымында, айыпталуучуларды абакта кармоо мөөнөтү бир нече жолу узартылып, анын себеп-негиздери тууралуу түшүндүрмө берилбей келет.
Мындан сырткары 2023-жылдын январында жашыруун мүнөзгө ээ болбогон материалдарды жана документтерди категорияларга бөлүүнү камсыз кылбай туруп, тергөөчүлөр бардык ишке «жашыруун» грифин койгон. Муну менен алар мыйзамды жана адам укуктарын одоно бузгандарын жашырууга мүмкүндүк алышкан.
Тергөө кызматы «Кылмыш ишиндеги «жашыруун» деп эсептелбеген материалдарды бөлүү жана чектөө» жөнүндө соттордун чечимин бүгүнкү күнгө чейин аткарган эмес. Ушул себептен материалдар менен таанышуу үчүн көчүрмөлөрү берилбей, адвокаттардын өздөрүнүн көчүрмөлөрдү жасоо мүмкүнчүлүгү чектөөгө алынууда.
Адвокат Канат Хасановдун айтымында, бийлик өкүлдөрү айыпталуучулардын кылмыш ишине баа берип сүйлөгөн сөздөрү боюнча фактылар белгиленүүдө, муну менен күнөөсүздүк презумпциясынын принциби бузулуп жатат.
Иштин материалдарында кылмыштын курамы жок. Андан тышкары мамлекет башчысынын жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып, алардын баарын айыптап, күнөөсүздүк презумпциясын карманбаганын сындады.
«Биздин президент, башкы прокурор баарын билип туруп, 6-апрелде Ленин окуругунан шайлоого аттанган талапкерлер менен жолугушууда камакта отургандарды «кылмышкерлер» деп айыптады. Бүгүнкү күндө соттун чечими жок болгондон кийин эч кимдин аларды «кылмышкер» деп айтууга укугу жок».
Дагы бир адвокат Акынбек Ногоев тергөөчүлөрдүн мыйзамсыз аракеттерин таануу жөнүндө соттордун күчүнө кирген чечимдерине, өз чечимдеринин, ошондой эле соттук чечимдердин аткарылышы боюнча адвокаттардын билдирүүлөрүнө карабастан, сот бийлиги соттук көзөмөл жүргүзүү иштерин аткарбай келе жатканын айтты.
«Эгер адам укуктары бузулуп жатса, экспертизалар туура эмес дайындалып жатса, алардын жыйынтыктары, корутундулары менен бизди тааныштырбаса, эң аягында, тергөө бүткөндөн кийин тааныштырса, мунун баары адам укуктары бузулган жок деп эсептелинбейт. Буга чейин да биз чыркырап айтып келдик, прокуратура органдарынын өкүлдөрүн «келгиле, чогулуп сүйлөшөлү. Бизде кандай талаптар бар, силерде кандай маселелер бар?» деп чакырдык, бирок ушул күнгө чейин бир да прокурор бизди уккан жок».
Адвокат Кантемир Турдалиев да прокуратура органдары айыптоо позициясын ээлеп, мыйзамдуулукту сактоо жана мыйзамдын үстөмдүгүн көзөмөлдөө функцияларын аткарбай келе жатканын билдирди. Айыпталгандар прокуратура тарабынан натыйжалуу коргоо укугунан ажыратылганын, камактагыларды үй камагына чыгаруу өтүнүчтөрү көз жаздымда калып жатканын кошумчалады.
«Негизи баары үй камагына чыгышы керек болчу. Буга чейин «камакка алуу» деген бөгөт коюу чарасы негизсиз болчу, ал боюнча биз сегиз айдан бери чырылдап келе жатабыз. Эмнегедир 19 адамдын бөгөт чарасы «камакта калтыруу» бойдон турат. Азыр иш сотко өтүп жатканда алдын ала угуулар болот, ошол жерде биз өтүнүч келтиребиз, эгер биздин үнүбүз бийлик өкүлдөрүнө, сот органдарына жетсе, алар мыйзамдарды карап чыгып, камалгандарды үй камагына чыгарат деген ишеничтебиз».
Жактоочулардын кайрылууларынын негизинде Ички иштер министрлигинен да, Башкы прокуратурадан да жооп алуу аракетибизден майнап чыккан жок.
Адвокаттар мамлекеттик органдарга кайрылуу жасап, бир катар талаптарды айтышты. Алар кылмыш ишине тиешелүү материалдардын көчүрмөлөрүн жасоо укугун чектебөөнү, толук көлөмдө таанышуу үчүн берүүнү, айыпталгандарды котормочу менен камсыз кылууну, бийлик өкүлдөрүнүн айыптоочу сөздөрдөн алыс болуусун, камактагылардын бөгөт чарасын өзгөртүүнү өтүнүштү.
26-майда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын жакындары 12 жарандын үй-мүлкүн камакка алуу аракети көрүлүп жатканын айтып чыгышкан. Ишти тергеп жаткан Ички иштер министрлиги бул боюнча маалымат бере элек.
Абактагы укук коргоочу Рита Карасартова кат жазып, анда аларга козголгон Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренесине (бийликти күч менен басып алуу) ылайык, шектүүлөргө катталган мүлктөр камакка алынарын маалымдаган.
Саясатчы, активист жана блогерлер Кемпир-Абад иши боюнча 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Аларга Ички иштер министрлиги «массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн» деген айып койгон. Кемпир-Абадды коргоо боюнча комитет 22-октябрда түзүлгөн.