Биз менен байланышыңыз

Унаалардын терезесин караңгылатуудан канча акча түшкөнү айтылды

Кыска кабар | 31 мая 2023 | 660 | 0

«Унаа» мамлекеттик мекемеси унаалардын терезесин караңгылатуудан 2022-жылдын июнунан ушу күнгө чейин бюджетке 236 миллион сом түшкөнүн билдирди.

Мекеме айдоочуларды автоунаалардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатуунун мөөнөтүн узартып алууну эскертти.

Белгилей кетсек, алдыңкы эшиктердин терезелерин караңгылатууга уруксат кагазы бир жылдык мөөнөткө берилет. Мындай мыйзам 2022-жылдын 1-июнунан тарта иштеп келе жатат.

«Кээ бир айдоочулардын жана юридикалык жактардын мөөнөтү 1-июнда аякташы мүмкүн, андыктан унаанын терезелерин караңгылатуунун мөөнөтүн узартып алууну сунуштайбыз. Болбосо мыйзамда белгиленген айып пул салуу чарасы колдонулат», — деп жазылат маалыматта.

Уруксат берүүнүн наркы жеке адамдар үчүн 80 миң сомду, юридикалык жактар үчүн 100 миң сомду, резидент эместер үчүн 120 миң сомду түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM