Биз менен байланышыңыз

Президенттин стипендиясына кабыл алуу башталды

Кыска кабар | 31 мая 2023 | 210 | 0

Президенттин «Эл үмүтү» эл аралык стипендиясына катталуу үчүн атайын сайт иштей баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Талапкерлердин документтерин онлайн кабыл алуу 1-июндан 30-июнга чейин жүргүзүлөт. Анүчүн «Үмүт» порталы аркылуу каттоо формасын толтуруп, талап кылынган документтерди жүктөө керек. Ошондой эле документтердин оригиналын министрликтин 3-кабатында жайгашкан 317-иш бөлмөгө тапшыруу зарыл.

«Эл үмүтү» стипендиясы жыл сайын 50 адамга ыйгарылып, техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 20, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 10, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого — 10, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн — 10 орун бөлүнөт.

Стипендиясы жекече болуп саналып, республикалык комиссиянын тандоосунан өткөн таланттуу жаштарга ыйгарылат. Каражат Президенттин фондунан берилет.

Аталган стипендия Кыргызстандын таланттуу жаштарына көмөк көрсөтүү максатын көздөп, QS World University Rankings, Times Higher Education Топ-100 дүйнөлүк рейтингине кирген чет өлкөнүн жогорку окуу жайларындагы магистр жана PhD доктору деңгээлинде билим алуу мүмкүнчүлүгүн түзөт.

Стипендияга катышуунун шарттары тууралуу толук маалымат министрликтин сайтына жарыяланды.

Copyright © 2017 Maral FM