Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров D Billions чыгармачыл тобунун негиздөөчүсү жана мүчөлөрү менен жолукту. Жапаров D Billions тобу өлкөнүн чоң сыймыгы экенин белгиледи.
D Billions командасы Бишкектин борбордук аянтында 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө арналган чоң майрамдык фестиваль өткөрүшөрүн маалымдады. Жолугушууда айтылгандай, аталган чыгармачыл топ кийинки жылы дүйнөлүк концерттик турне өткөрүшөт.
Акылбек Жапаров D Billions командасын Министрлер кабинетинин «Ардак грамотасы» менен сыйлады жана чыгармачыл топтун демилгелерин ар тараптуу колдоону убада кылды.
D Billions – Кыргызстандан чыккан музыкалык топ, алар ар кандай темадагы балдар ырларын аткарып, мазмунун эл аралык аянтчаларга чыгарып келет. Англис тилдүү D Billions каналынын 25 миллиондон ашуун жазылуучусу бар жана YouTube бриллиант баскычына ээ болгон. Учурда команда дүйнөнүн 40 тилинде контент чыгарат.