Биз менен байланышыңыз

Акылбек Жапаров D Billions чыгармачыл тобу менен жолугушту

Кыска кабар | 30 мая 2023 | 241 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров D Billions чыгармачыл тобунун негиздөөчүсү жана мүчөлөрү менен жолукту. Жапаров D Billions тобу өлкөнүн чоң сыймыгы экенин белгиледи.

D Billions командасы Бишкектин борбордук аянтында 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө арналган чоң майрамдык фестиваль өткөрүшөрүн маалымдады. Жолугушууда айтылгандай, аталган чыгармачыл топ кийинки жылы дүйнөлүк концерттик турне өткөрүшөт.

Акылбек Жапаров D Billions командасын Министрлер кабинетинин «Ардак грамотасы» менен сыйлады жана  чыгармачыл топтун демилгелерин ар тараптуу колдоону убада кылды.

D Billions – Кыргызстандан чыккан музыкалык топ, алар ар кандай темадагы балдар ырларын аткарып, мазмунун эл аралык аянтчаларга чыгарып келет.  Англис тилдүү D Billions каналынын 25 миллиондон ашуун жазылуучусу бар жана YouTube бриллиант баскычына ээ болгон. Учурда команда дүйнөнүн 40 тилинде контент чыгарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM