Биз менен байланышыңыз

1-июндан тарта Бишкекте муздак сууга тариф көтөрүлөт

Кыска кабар | 30 мая 2023 | 998 | 0

1-июндан тарта Бишкекте муздак сууга болгон тариф жогорулайт. Мындай чечим Бишкек шаардык кеңешинин жыйынында кабыл алынганы айтылды.

Маалыматка ылайык, 1 кубометр суу үчүн калк 10,45 сомдон (салыктарды эсепке албаганда), бюджеттик уюмдар 12,95 сомдон, башка керектөөчүлөр 18,5 сомдон төлөшөт. Саркынды сууларды чыгаруу акысы 3,45 сом, 4,5 сом жана 9 сом болот.

Көп кабаттуу үйлөрдүн жалпы пайдалануудагы суу түтүк-канализация тармактарын техникалык тейлөө үчүн (жылына жалпы аянтынын 1 чарчы метри үчүн, салыксыз) жашаган тургундар да, ижарага алган керектөөчү ишкерлер да 15,1 сомдон төлөй турган болду.

Белгилей кетсек, муздак сууга тариф акыркы жолу 2019-жылдын ноябрында көтөрүлгөн. Ошол кезде тариф калк үчүн 1,5 эсеге: кубометрине 5,38 сомдон 8,1 сомго чейин, канализацияга 1,2 сомдон 2,3 сомго чейин дээрлик эки эсеге өскөн.

Copyright © 2017 Maral FM