Биз менен байланышыңыз

Кыргыз-өзбек чек арасын демаркациялоо боюнча документтер бекитилди

Кыска кабар | 29 мая 2023 | 176 | 0

Өзбекстандын Самарканд шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын ортосунда сүйлөшүүлөр болду.

Анын жүрүшүндө жумушчу топтордун жыйындары жана биргелешкен демаркация комиссиясынын биринчи отуруму өттү.

Жолугушууда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым тилкелеринде биргелешкен талаа изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы талкууланды. Жыйынтыгында тараптар мамлекеттик чек араны демаркациялоо боюнча ченемдик-укуктук жана техникалык документтерди бекитишти.

«Сүйлөшүүлөр достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколдорго кол коюлду», — деп айтылат Министрлер кабинетинин маалыматында.

Copyright © 2017 Maral FM