Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 30-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,
Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29,
Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,
Нарын облусунда түнкүсүн +2…+9, күндүз +19…+24.
Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +28…+30 градус болот.