Биз менен байланышыңыз

Аба ырайы: Күндүн табы жогорулайт

Кыска кабар | 29 мая 2023 | 336 | 0

Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, 30-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +25…+30,

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +24…+29,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +13…+18, күндүз +28…+33,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +7…+12, күндүз +19…+24,

Нарын облусунда түнкүсүн +2…+9, күндүз +19…+24.

Бишкекте күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +28…+30 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM