Connect with us

Лейлек: Максат айылында 40 метрлик флагшток орнотулду

Кыска кабар | 28 Май 2023 | 367 | 0

Лейлек районунун Максат айылында бийиктиги 40 метр болгон флагшток орнотулду.

Туу көтөрүү иш-чарасына УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана жергиликтүү тургундар катышты.

Туу көтөрүү саамалыгы бүгүн, 28-май чек арачылар күнүнө карата уюштурулду. Буга чейин флагшток орнотууну жеке ишкерлер колдоого алганы айтылган болчу.

Максат айылы Тажикстан менен чектешип турат. Бул айыл 2021 жылы 28-29-апрелде, 2022-жылы 16-17-сентябрдагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунда эки ирет жабыркап, айылдагы турак-үйлөрдүн 70-80%ы өрттөлүп кеткен.

Максат айылын басып алуу кандай болгон? (айыл тургундарынын айтуусунда, видео)

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM