Биз менен байланышыңыз

«Кумтөр Голд» жыл башынан бери 2,5 тонна алтын өндүрдү

Кыска кабар | 26 мая 2023 | 290 | 0

«Кумтөр» кенинде 2023-жылдын биринчи чейрегинде 80 511 унция же 2 миң 504 кг алтын өндүрүлдү. Бул тууралуу мекемеден билдиришти.

Компаниядан билдиришкендей, былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде 66 474 унция же 2 миң 68 кг алтын өндүрүлгөн.

Көлөмдүн өсүшү биринчи кезекте фабрикага жиберилген рудадагы алтындын курамынын жогору болушу, ошондой эле рудадан металлды алуу коэффициентинин жогорулашына байланыштуу болду.

2023-жылдын биринчи чейрегинде фабрикага алтындын ар кандай курамы бар кампалардан берилген рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 2,34 граммды, рудадан алтынды ылгап алуу коэффициенти 72,11% түздү. 2022-жылдын биринчи чейрегиндеги бул көрсөткүчтөр тоннасына 2,27 граммды жана 67,46% түзгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM