Биз менен байланышыңыз

Президент мектептерде акча чогултууга тыюу салган жарлыкка кол койду

Кыска кабар | 26 мая 2023 | 602 | 0
Президент Садыр Жапаров «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашырууга мамлекеттик кепилдиктерди камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жарлыкка ылайык, Кыргызстандын мектептеринде мыйзамсыз акча каражатын чогултууга жана алардын алдында коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат.
Тактап айтканда, 1-класстан 11-класска чейинки мектептерде төмөнкүлөргө тыюу салынат:

-мыйзамсыз акча чогултууга;

-мектептердин алдында коомдук фонддорду түзүүгө;

-мамлекеттик жалпы билим берүү уюмдарына оңдоп-түзөөгө, кайтарууга жана зарыл болгон тиричилик предметтерин сатып алууга акча каражаты милдеттүү түрдө Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен бөлүнөт деп белгиленсин;

-акча каражаттарын мыйзамсыз алуу же окуучуларга жана алардын ата-энелерине (аларды алмаштыруучу адамдарга) моралдык-психологиялык басым көрсөтүү фактылары аныкталган учурда күнөөлүү адамдарга ээлеген кызматынан бошотууга чейинки тартиптик жаза чаралары көрүлсүн.

Бул жарлык мектеп директорлорунун «Меценаттык жана соопчулук иши жөнүндө» жана «Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө» мыйзамдын алкагында инвестиция тартуусуна жайылтылбайт.

Ал эми Министрлер кабинетине үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Жарлыкка ылайык келтирүү жана ушул Жарлыкты ишке ашырууга зарыл чараларды көрүү боюнча тапшырмалар берилди.

Copyright © 2017 Maral FM