Биз менен байланышыңыз

Дары-дармек департаментинин жетекчиси 23-июнга чейин камакка алынды

Кыска кабар | 26 мая 2023 | 161 | 0

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 25-майдагы чечими менен Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору А.А.И. 23-июнга чейин камакка алынды.

УКМКнын маалыматына караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин директору 24-майда кармалды. Ал башка жооптуу кызматкерлер менен сүйлөшүп алып, дары-дармектерди тез каттап, сертификат берүү үчүн фармацевтикалык компаниялардан акча алып турганы айтылды. Ошол эле учурда лабораториялык изилдөөлөр жүргүзүлгөн эмес, же формалдуу түрдө жүргүзүлгөн.

Учурда бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иштер жүрүүдө.

Айнура Абалиева былтыр ноябрь айында Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаментинин директору болуп дайындалган.

Copyright © 2017 Maral FM