Биз менен байланышыңыз

Ташиев каржы тармагындагы аткаминерлер кармаларын билдирди

Кыска кабар | 26 мая 2023 | 403 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев «Регион» телеканалына маек берип жатып, жакынкы күндөрү каржы тармагында иштеген жогорку кызматтагы аткаминерлер кармаларын айтты.

Ал бюджеттин акчасын башка максаттарга жана натыйжасыз жумшаган каржы тармагындагы жогорку даражадагы мамлекеттик кызматкерлер катаал жоопко тартыларын билдирди.

«Биз чоң чиновниктерди кармайбыз. Элдин акчасын туура эмес пайдалангандарды жоопко тартабыз. Азыр кайсы тармакка барсаң да баары коррупция менен чечилип калган. Нан сатып алсаң да коррупция, себеби ошонун салыгы төлөнгөн эмес, же аткезчилик менен келген. Мен азыр коррупционерлерди кайсы жерден кармаш керек экенин, ким кимден, канча акча алып жатканын билип калдым. Мурда колго түшкөн учурда гана кармалышса, азыр жемкорлук системасын тамырынан изилдейбиз» , — деди Ташиев.

Ташиев өлкөдө коррупция менен күрөшүүнүн экинчи этабы башталганын, мындан ары коррупция менен кармалгандардын бардык мүлкү конфискацияланып, өзү түрмөгө кетерин кошумчалады.

Атайын кызматтын жетекчиси 24-майда фейсбуктагы баракчасына билдирүү жазып, жемкорлукка каршы күрөш мындан ары аёсуз болорун айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM