Биз менен байланышыңыз

27-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 26 мая 2023 | 527 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 27-майга караган түнү жаан-чачын болбойт.

Күндүз Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күтүлөт. Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.  Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым аймактарда 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +23…+28,

Талас облусунда түнкүсүн +7…+12, күндүз +22…+27,

Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +5…+10, күндүз +16…+21,

Нарын облусунда түнкүсүн +3…+8, күндүз +15…+20.

Бишкекте түнкүсүн жана түшкө чейин жаан жаабайт, түштөн кийин жаан жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн +11…+13, күндүз +25…+27 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM