Биз менен байланышыңыз

Вице-мэр Нурдан Орунтаев суракка чакырылганы айтылды

Кыска кабар | 26 мая 2023 | 543 | 0

Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине суракка чакырылганы айтылууда. Бул тууралуу бир катар маалымат сайттары жеке булактарына таянып жазды.

Орунтаев атайын кызматка 26-майда эртең менен чакырылган. Расмий маалымат бериле элек.

24-майда Бишкектеги «Батуми» кафесин бузуу иштери башталган. Кафе ээлери каршылык көрсөткөнү үчүн вице-мэр Нурдан Орунтаев алар менен чырдаша кеткен. 25-майда буздурула баштаган кафеге УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев барган.

Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, «Батуми» кафесинин ээси Кадича Бечелова расмий эскертүү берилбегенин, буздуруу боюнча сот чечими жок экенин айтып, УКМК төрагасына даттанган.

Ташиев тийиштүү мекемелердин кызматкерлерине аталган иштин чоо-жайын толук аныктап, мыйзам чегинде кайрадан карап чыгууну, эгер аны буздуруу мыйзамсыз болсо, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну тапшырган.

Copyright © 2017 Maral FM