Биз менен байланышыңыз

Эсептөө палатасы «Кыргызиндустрия» ишканасындагы мыйзам бузууларды аныктады

Кыска кабар | 26 мая 2023 | 541 | 0

Эсептөө палатасы «Кыргызиндустрия» ААКнын 2022-жылга карата ишмердүүлүгүнө аудит жүргүздү. Текшерүүнүн жыйынтыгы 31-мартта Эсептө палатасынын кеңешинин отурумунда каралган.

Маалыматка караганда, баштапкы капиталы 1 млрд сомдун 843,5 млн сому «Кыргызиндустрия» ААКы жаңыдан түзүлгөн ишканалардын уставдык капиталына чегерилген жана Өкмөттүн токтому менен берилген мамлекеттик үлүшү бар 16 ишкананы реанимациялоого багытталган эмес. Анын ичинен 2022-жылы 245,2 млн сом (29%) өнөр жайга тиешеси жок долбоорлорго бөлүнгөн.

Түзүлүп жаткан ишканалардын уставдык капиталына чегерүү боюнча «Кыргызиндустриянын» карызы жалпысынан 4,6 млрд сомду түзгөн.

Ишкананын президенти Министрлер кабинетинин макулдугусуз жалпы суммасы 3,5 млрд сомдук уставдык капиталы бар биргелешкен ишканалар боюнча ири келишимдерди түзгөн.

«Кыргызиндустрия» ААКынын  түзүмүндө төрт вице-президент, аппарат жетекчиси, президенттин эки кеңешчиси жана бир жардамчысы болушу каралган.

Жетекчи персоналдын жылдык эмгек акы фонду 16,2 миллион сомду, же жалпы эмгек акы фондусунун 15 пайыздан ашыгын түзөт. Жалпы 65 персонал эмгектенсе, анын 31 бирдиги жетекчиликке туура келет.

«Кыргызиндустрия» ААКна мыйзамдуу түрдө берилбеген объектилерди оңдоо иштери боюнча сот тарабынан камакка алуулар бар, алдын ала төлөм катары 39,6 млн сом багытталган, бул компаниянын 39,6 млн сом суммадан ашык каражатын жоготуунун жогору тобокелдиги бар экендигин көрсөтүп турат.

«Кыргызиндустриянын» катышуусу менен түзүлгөн чарбалык субъекттерде аныкталган дал келбестиктер:

«Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө» мыйзамдын 51-беренесин бузуу менен 2022-жылдын 15-апрелинде колдонулган металл түтүктөрдү сатып алуу боюнча «Алай-Барстары» ЖЧКсы менен «Сателлит -2005» ААКнын ортосунда 36,0 млн сомго келишим түзүлгөн.

«Алай Барстары» ЖЧКсына таандык 23,8 млн сомдук турак жай түрүндөгү финансылык актив отчетто көрсөтүлгөн эмес.

Долбоордун алкагында аталган кыймылсыз мүлктү пайдалануу каралган эмес, анткени, турак жай Бишкек шаарында, ал эми курулуш объектиси Алай районунда жайгашкан.

«Кыргызпластик» ЖЧКсынын балансында 20,3 млн сом суммасында жашырылган дебитордук карыздар аныкталган.

2022-жылдын аягына чейин «Кыргызэлектроникс» ЖЧКсы жана «Кыргызэйрвейс» ЖЧКсы уставдарда каралган милдеттерди жана максаттарды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды жүргүзгөн эмес. Бул ишканаларды күтүүгө   багытталган чыгымдар тиешелүү түрдө 2,2 миллион сомду жана 1,8 миллион сомду түзгөн.

Аудиттин жыйынтыгы президентке, Жогорку Кеңешке, министрлер кабинетине, Мамлекеттик салык кызматына, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине баа берүү үчүн жөнөтүлгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM