Биз менен байланышыңыз

Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын төрагалыгынан убактылуу кеткенин айтты

Кыска кабар | 26 мая 2023 | 367 | 0

Кадыр Кошалиев Элдик курултайдын төрагалыгынан убактылуу кеткенин айтты. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

«Элдик курултайдын делегаттары бекиткен регламентке ылайык, менин тегерегимдеги маселелерди делегаттардан жана адистерден турган комиссия тактаганга чейин Курултайдын аксакалдар кенешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын убактылуу орун басарым Бейшенбек Абдразаковго өткөрдүм», — деди ал.

Улуттук телерадио берүү корпорациясынын 1-каналынын кабарчысы Кадыр Кошалиев мурдагы президент Курманбек Бакиевден маек алганы коомдо нааразылык пайда кылып, анын телеканалдан жана Курултайдын төрагалыгынан кетүүсүн талап кылышкан. 

23-майда УТРКдан өз каалоосу менен кеткени кабарланган.

УТРК Кошалиевди каналдын жетекчилиги менен макулдашпай Бакиевден маек алганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM