Биз менен байланышыңыз

Депутат: Убадаланган акча түшпөсө, казино мыйзамын чакыртып алуу керек

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 385 | 0

Жыл аягына чейин казинолордон мамлекеттик бюджетке убада кылган 2 млрд сом түшпөсө, мыйзамды артка чакыртып алуу керек. Мындай пикирин депутат Балбак Түлөбаев парламенттин 25-майдагы жыйынында айтты.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр парламентте казино тууралуу мыйзам долбоору талкууланып жатканда, эгер ал иштеп кетсе, 1 млрд сомдон 2 млрд сомго чейин киреше алынарын айткан.

«Өкмөт мыйзамды алып келип жатканда казино иштетүүдөн 2 млрд сом түшөт деп айткан. Эгер жыл аягына чейин андай болбосо, парламент мыйзамды артка чакыртып алууга укугу бар деп ойлойм. Биз экс-чиновник, экс-депутаттар байысын деп бул мыйзамды кабыл алган жокпуз. Ушул жерде бүт абийирибизди коюп, каргыш угуп жатсак да, өкмөт бюджетке акча түшөт дегени үчүн мыйзамды кабыл алып бергенбиз», — деди Түлөбаев.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаровдун маалыматы боюнча өлкөдө кумаркана ачууга биринчи лицензия быйыл май айынын башында берилген. Букмекердик кеңселерге төрт лицензия берилген. Мындан бюджетке жалпы 126 млн сом түштү.

Бүгүн Жогорку Кеңеште «Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Анын алкагында жашыруун мыйзамсыз кумар оюндарына, аларга жаштардын кирүүсүнө бөгөт коюлуп, жоопкерчилик күчөтүлөт. Буга чейин аталган мыйзам долбоорун тармактык комитет караган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM