Биз менен байланышыңыз

Кумаркана жана букмекердик кеңсеге лицензия берүүдөн канча акча түшкөнү айтылды

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 391 | 0

Бишкекте 44 бинардык опцион (акча төлөп оюн ойноочу жай) расмий иштейт. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев парламенттин 25-майдагы жыйынында депутаттын суроосуна жооп берип жатып айтты.

Депутат жашыруун иштеген оюн-зоок жайлары тууралуу маалымат сурады.

Министрдин орун басары тийиштүү мыйзам долбооруна өзгөртүүлөр кирсе, букмекердик жайларды жабууга мүмкүнчүлүк болорун айтты.

Бүгүн Жогорку Кеңеште «Кылмыш-жаза кодексине, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору биринчи окууда каралууда.

Анын алкагында жашыруун мыйзамсыз кумар оюндарына, аларга жаштардын кирүүсүнө бөгөт коюлуп, жоопкерчилик күчөтүлөт. Буга чейин аталган мыйзам долбоорун тармактык комитет караган.

Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Марат Пирназаровдун маалыматы боюнча өлкөдө кумаркана ачууга биринчи лицензия быйыл май айынын башында берилген. Букмекердик кеңселерге төрт лицензия берилген. Мындан бюджетке жалпы 126 млн сом түштү.

УКМК: Мыйзамсыз иштеген казино аныкталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM