Биз менен байланышыңыз

Улуттук банк валюта базарына доллар сатты

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 334 | 0

Улуттук банк май айынын эсебинен интервенция жасап, валюта базарына доллар сатты. Банктын маалыматына караганда, 2 миллион доллар келишим түзүлгөн күндөгү эсептешүүлөр менен жана 60 миллион доллар келишим түзүлгөн күндөн башка эсептешүүлөр менен сатылды.

Жыл башынан бери Улуттук банк долларды сатуу боюнча жалпысынан 502 миллион 540 миң долларга тогуз интервенция жасады.

Улуттук банк быйыл жыл башынан бери беш ирет интервенция жасап, 262 млн 170 миң доллар саткан. 2022-жылы 486 миллион доллар сатып, кайра 190 миллион доллар сатып алган.

Интервенция сомдун долларга карата курсун туруктуу кармоо максатында ишке ашырылат.

Улуттук банктын расмий курсу бүгүн 87 сом 52 тыйын деп белгиленди.

Copyright © 2017 Maral FM