Биз менен байланышыңыз

Депутат Акаев: Банктар ишкерлерге бут тосууда

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 236 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев парламенттин 25-майдагы жыйынында банктар ишкерлерге бут тосуп, Каржы министрлиги шалаакы мамиле жасап жатканын айтты.

Депутаттын маалыматына караганда, «Кыргызстандын жеке жана каржы секторун шашылыш колдоо» долбоорунун алкагында 2021-жылы Дүйнөлүк банк жана Азия инвестициялык банкы 100 миллионун насыя катары, 50 миллионун грант эсебинде, жалпы 150 млн АКШ долларын бөлгөн.

Бул акча чакан жана орто бизнеске насыя катары берилмек. Бирок 150 млн доллардын 90 млн доллары гана берилген. Жанарбек Акаев ишкерлер насыя ала албай жатканын, банктар кредит берүүнү татаалдашытырып салганын айтты.

«Мен өзүм да жардамчыларым менен биргеликте текшерип көрдүм. Эгер банктан пайызсыз насыя алышың керек болсо, банктын 18-20 пайыздык кредитин кошуп алышың керек экен. Ошенткен гана ишкерлерге батыраак берип жатат. Бул — банктардын ишкерлерге болгон бут тосуусу. Келишимде шашылыш колдоо максаты көрсөтүлгөн. Каржы министрлиги да банктарга чара көргүлө, акчаны бөлүп коюп эле көзөмөл кылбай жатасыңар. Биз ишкерлерге болгон мамилени өзгөртүшүбүз керек», — деп талап кылды депутат.

Быйыл жыл башында Улуттук банк Финансы министрлигине шилтеме берүү менен Кыргызстанда ишкерлер 3 млн сомго чейин  пайызсыз насыя алып жатышканын билдирген.

Финансы министрлиги Дүйнөлүк банк жана Азия инвестициялык банкы тарабынан каржыланган «Кыргызстандын жеке жана финансы секторун шашылыш колдоо» долбоорун ишке ашырып жаткан.

Анын алкагында ишкерлерге насыя үстөк пайызсыз, сом менен берилери, мөөнөтү 36 айга чейин экени айтылган.

Пайызсыз насыяны «Айыл банк», РСК, «Керемет банк», «Халык банк», «Доскредобанк», «Азия банкы», «Финанскредитбанк», «Капитал банк», «Кыргызкоммерцбанк», Кыргыз-Швейцария банкы, «Бакай банк» аркылуу алса болору жарыяланган.

Copyright © 2017 Maral FM