Биз менен байланышыңыз

Бишкекте 27-майда «Мээримдүү тыйын» акциясы өтөт

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 349 | 0

27-майда «Элим, барсыңбы?!» коомдук кайрымдуулук фонду «Мээримдүү тыйын» акциясын өткөрөт.

Фонддун маалыматына караганда, акциянын максаты операцияга муктаж болгон (фонддо каттоодо турган) жаш өспүрүмдөргө каражат топтоо, жакыр үй-бүлөлөрдүн санын азайтуу, оорулууларга материалдык-моралдык жардам көрсөтүү болуп саналат.

Иш-чарада эстрада жылдыздарынын коштоосундагы шоу программа тартууланат. Ошондой эле белектерди ойнотуу, балдар үчүн ар кандай оюн-зооктор да каралган.

Бул акция 2015-жылдан бери жылына эки жолу, май жана ноябрь айларында өткөрүлүп келет. Жыл сайын топтолгон акча фонддун каттоосунда турган, негизинен жүрөк ооруу операцияларына, даарыланууга жумшалат. Жалпысынан 80ден ашуун баланын операциясына жардам берилген.

Аталган акциядан 2015-жылдан 2022-жылдар аралыгында жалпы 3 млн 637 миң 271 сом чогулган.

«Мээримдүү тыйын» акциясы Дордой Плаза соода борборунда саат 14:00дө башталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM