Биз менен байланышыңыз

Москвада II Евразия экономикалык форуму өттү

Кыска кабар | 25 мая 2023 | 176 | 0

24-майда Москвада «Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» II Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйыны болуп өттү.

Иш-чарага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларусь президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Армениянын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович катышты. Ошондой эле Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин форумдун катышуучуларына видеокайрылуу жасады.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери иш-чаранын модератору Александр Шохиндин суроолоруна жооп берип жатып, Биримдиктин өнүгүү жана тереңдетүү келечегин, ошондой эле интеграциялык процесстердин актуалдуу маселелерин, атап айтканда, санариптик трансформацияны тездетүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, экономикалык туруктуулук, евразиялык институттарды өнүктүрүү, бизнес демилгелерди колдоо боюнча кошумча чараларды белгилешти.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн лидерлери ошондой эле биринчи ачылышы 2022-жылы Бишкекте өткөн бул Форум жаңы жана жакшы салтка айланып баратканын белгилешти.

II Евразия экономикалык форуму Орусиянын 2023-жылы ЕАЭБ органдарындагы төрагалыгынын алкагында өттү, анын максаты Евразия мейкиндигинде кызматташтык байланыштарын өркүндөтүү болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM