Биз менен байланышыңыз

Президент Садыр Жапаров Москвага барды

Кыска кабар | 24 мая 2023 | 188 | 0

Бүгүн, 24-майда президент Садыр Жапаров II Евразиялык экономикалык форумдун ишине жана Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) жыйынына катышуу үчүн Москва шаарына барды.

Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мамлекет башчысынын учагы Москва шаарындагы «Внуково-2» эл аралык аэропортуна конду.

Садыр Жапаровду Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Александр Панкин тосуп алды.

Эске салсак, бүгүн иш сапарынын алкагында мамлекет башчысы Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттеринин башчылары менен бирге «Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышат.

Ошондой эле эртеси, 25-майда Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин башчылары евразиялык мейкиндиктеги интеграциянын бир катар актуалдуу маселелерин талкуулашат, биримдикти мындан ары өнүктүрүү боюнча пикир алмашат.

ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгын бекемдөөгө, ошондой эле Биримдиктин ишмердигин жөнгө салууга багытталган бир катар документтерди кабыл алуу пландаштырылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM