Бишкекте «Наристе» III эл аралык балдар фольклордук фестивалы өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-майдан 8-июнга чейин өтүүчү фестивалга Орусия, Казакстан, Тыва, Монголия, Башкирия, Саха, Индиядан келген өкүлдөр, ошондой эле Кыргызстандын 7 облусунан I Бишкек Дельфий оюндарынын жеӊүүчүлөрү катышат.
Белгиленгендей, фестивалдын ачылышы 31-майда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында, ал эми жабылыш аземи адаттагыдай Чолпон-Ата шаарында болот.
Фестивалдын негизги максаты Кыргызстандын салттуу элдик маданиятын сактоо жана өнүктүрүү, ошондой эле башка өлкөлөрдүн элдик искусствосу менен таанышуу болуп саналат.
Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын жана чакырылган өлкөлөрдүн ар кандай балдар фольклордук бий жана аспаптык ансамблдеринин өнөрлөрү, чеберчилик сабактары, чыгармачылык жолугушуулар жана кечелер, илимий-практикалык конференциялар, элдик искусствосунун көргөзмөлөрү, маданият жана прикладдык искусство тармагындагы инновациялык долбоорлордун таанытымы, тарыхый-маданий жайларга саякаттар мерчемделген.