Биз менен байланышыңыз

Аскар Акаев Кыргыз техникалык универститетинде лекция окубай турган болду

Кыска кабар | 22 мая 2023 | 466 | 0

Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин Кыргыз мамлекеттик техникалык университетиндеги лекциясы жокко чыгарылганын жергиликтүү ЖМКлар окуу жайдын жетекчилигине таянып жазды.

Бир күн мурун аталган окуу жайдын айрым студенттери Аскар Акаевдин лекциясына каршы болуп, ректоратка кайрылышкан. Алардын билдирүүсү Твиттерге да жарыяланган.

22-майда белгилүү болгондой, КМТУнун ректору Мирлан Чыныбаев Аскар Акаевди окуу жайга лекция окутпоо чечимин кабыл алган.

Аскар Акаев 2022-жылы 14-декабрда Бишкекке келген жана «Кумтөр» иши боюнча сурак берген. Ага чейин август айында да келип кеткен.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстандын президенти болгон. 2005-жылдын 24-мартындагы төңкөрүштөн кийин Орусия мамлекетине чыгып кеткен.

Copyright © 2017 Maral FM