Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан менен Евробиримдик жашыл экономика боюнча кызматташат

Кыска кабар | 21 мая 2023 | 370 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстандын Алматы шаарында Европа комиссиясынын аткаруучу вице-президенти, Европанын соода боюнча комиссары Валдис Домбровскис менен жолукту.

Жапаров Алматыда «Европа Биримдиги – Борбор Азия» экинчи экономикалык форумуна катышты.

Жолугушууда тараптар соода-экономикалык кызматташуу боюнча сүйлөшүп, Акылбек Жапаров Европа Биримдиги менен кызматташуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыт экенин айтты. Өкмөт башчы Евробиримдик Кыргызстандын маанилүү соода-экономикалык өнөктөшү жана негизги инвесторлорунун бири экенин белгиледи.

Жолугушуунун алкагында Европа Биримдиги тарабынан каржылана турган «Кыргызстандагы жашыл экономика программасы» алкагында Экономика жана коммерция министрлиги менен Европа Биримдигинин ортосунда биргелешкен документке кол койду.

Copyright © 2017 Maral FM