Биз менен байланышыңыз

«Кемпир-Абад» иши: Абактагылар ачкачылык жарыялады

Кыска кабар | 19 мая 2023 | 566 | 0
Сүрөт: "Азаттык".

Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камакта отургандар саясий ачкачылык жарыялашты. Алар акыйкатчыга жана Кыйноолорду алдын алуу борборуна ачык кат жолдоп, өздөрүнө карата психологиялык басым токтотулушун талап кылышты.

Мындан тышкары, саясатчы Равшан Жээнбеков, активисттер Илгиз Шаменов менен Атай Бейшенбек мурдагы отурган абак бөлмөлөрүнө кайтарылышын суранышты.

«2022-жылдын декабрь айында бардык «Кемпир-Абадчыларды» мурдагы абак бөлмөлөрүнөн башка абак бөлмөлөрүнө которушкан. Эми 15-майда Равшан Жээнбековду, 17-майда Илгиз Шаменовду да башка абак бөлмөлөрүнө негизсиз которушту, ал эми Атай Бейшенбек уулун 18-майда үч күнгө айып бөлмөсүнө камашты. Бул аракеттерди өз оюбузду ачык билдиргенибиз үчүн бизге жүргүзүлгөн моралдык-психологиялык басым жана саясий куугунтуктун ыплас жолу деп эсептейбиз. Мындай ыплас саясий куугунтукка каршылык билдирип, 19-майдан баштап саясий ачкачылык жарыялайбыз», — деп айтылат катта.

Бир катар саясатчы, укук коргоочу, активисттердин «Кемпир-Абад» ишине байланыштуу камакта отурганына 7 ай болду.

18-майда абактагы активист Атай Бейшенбек Жазаларды аткаруу кызматынын 21-мекемесинин (СИЗО-1) айып изоляторуна киргизилди. Мекеме буга пландуу тинтүү учурунда анын жанынан уюлдук телефон табылганы себеп болгонун билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM