Биз менен байланышыңыз

Европа банкы Өзбекстанга 15 мектеп курууга грант берет

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2023 | 225 | 0

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Өзбекстандын Наманган жана Фергана облустарында эл аралык стандарттар боюнча 15 мектеп курууга грант берет. Бул тууралуу Өзбекстандын Билим берүү министрлиги билдирди.

Тиешелүү макулдашууга Самаркандда өткөн ЕРӨБдүн Башкаруучулар кеңешинин жыйынында кол коюлду.

Министрликтин маалыматына караганда, бул долбоордун жалпы баасы 55-75 миллион долларды түзөт.

16-18-май күндөрү ЕРӨБдүн Башкаруучулар кеңешинин Самарканд шаарында өткөн жыйынында бир катар келишимдерге кол коюлганы кабарланган. Ага ылайык, банк Каракалпакстанда шамал электр станциясын куруу үчүн ACWA Power Wind Karatau компаниясына 19,3 миллион доллар, аэропортторду модернизациялоо үчүн Uzbekistan Airports компаниясына 28 миллион доллар насыя берет.

2017-жылдан бери ЕРӨБ Өзбекстандын экономикасына салган инвестициянын көлөмү 3 миллиард еврого жетти.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM