Биз менен байланышыңыз

Украинанын президенти «Чоң жетинин» Жапониядагы саммитине катышат

Дүйнө , Кыска кабар | 19 мая 2023 | 299 | 0

Украинанын президенти Владимир Зеленский G7 саммитине катышуу үчүн Хиросимага уча турганын Bloomberg сайты өздүк булактарына таянып жазды.

Президенттин аппаратынын жетекчисинин орун басары Игорь Жовква Зеленскийдин Жапонияга сапарын төгүндөгөн да, тастыктаган да жок. Ошол эле учурда «баары согуш талаасындагы кырдаалга жараша болорун» белгиледи. Ал эми жапон өкмөтү украин лидери саммитке онлайн катышарын, ага кошумча сессия кошулганын кабарлады.

Киевге сапары учурунда Зеленскийди чакырган Жапониянын премьер-министри Фумио Кишида да жолугушууда онлайн сүйлөй турганын билдирди.

«Чоң жетиликтин» саммити 19-майда эртең менен башталган. Күтүлгөндөй эле G7 өлкөлөрүнүн лидерлери Орусияга каршы санкцияларды талкуулашат. Буга чейин АКШ, Улуу Британия жана Евробиримдик жаңы чектөөлөрдү киргизүү планын жарыялашкан. Тактап айтканда, Лондон орусиялык бриллианттарды импорттоого тыюу салууну, Брюссель алардын соодасын чектөөнү демилгелеп жатат.

Өткөн аптада Зеленский Европанын бир катар борборлорунда болуп, Киевге курал-жарак жеткирүү боюнча макулдашты. Германия Украинага бериле турган 2,7 миллиард евролук аскерий жардам топтомун жарыялады. Ал эми Британиянын премьер-министри Риши Сунак Киевге «жүздөгөн зениттик-ракеталык системаны» жана алыскы чабуулга учуучу учкучсуз учактарды жөнөтүүгө убада берди.

Зеленский аскердик тик учак менен Британияга барды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM