Биз менен байланышыңыз

Зеленский аскердик тик учак менен Британияга барды

Дүйнө , Кыска кабар | 16 мая 2023 | 349 | 0
Владимир Зеленский менен Риши Сунак. 15-май, 2023-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Британияга барып, өлкөнүн премьер-министри Риши Сунак менен жолугушту.  Зеленский менен Сунактын сүйлөшүүсү эки саатка созулду.

Зеленский Орусиянын баскынчылыгынан кийин Украинага көрсөткөн колдоосу үчүн Улуу Британияга ыраазычылык билдирди.

Британ өкмөтү жолугушууда Сунак Украинага ар тараптуу аскердик колдоо көрсөтүүнүн маанилүүлүгүн күбөлөндүргөнүн жарыялады.

«Бүгүн премьер-министр Улуу Британиянын жүздөгөн абадан коргонуу ракеталарын жана башка учкучсуз учуучу системаларды, анын ичинде 200 чакырымдан ашык алыстыкка учуучу жүздөгөн жаңы чабуулчу учкучсуз учак берерин ырастайт», — деп айтылат британ өкмөтүнүн билдирүүсүндө. Мунун баары жакынкы айларда жеткирилери айтылды.

Акыркы бир нече күндө Зеленский Франция, Германия, Италия жана Ватиканда болуп, Батыш лидерлерин күтүлүп жаткан контрчабуулунун алдында Украинага колдоо көрсөтүүнү күчөтүүгө үндөдү.

BBC орус кызматынын маалыматына караганда, Британия Орусиянын агрессиясына каршы күрөштө Украинанын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири.

Жыл башында Британия Киевге Батышта жасалган заманбап танктарды бергенин жарыялаган биринчи өлкө болуп калды. Өткөн аптада британиялык Storm Shadow ракеталарынын 250 чакырымдай уча турган ракеталары украин армиясына берилгени белгилүү болгон.

Бул Украина президентинин Улуу Британияга согуш башталгандан берки экинчи сапары. Зеленский быйыл февралда да Риши Сунак менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн, андан кийин король Чарльз III кабыл алып, парламентте да сүйлөгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM