Биз менен байланышыңыз

Төө-Ашуунун тоннелинде каттамдарга чектөө киргизилет

Кыска кабар | 18 мая 2023 | 329 | 0

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Төө-Ашуудагы тоннель аркылуу унаалардын өтүүсүнө маал-маалы менен чектөө киргизилерин кабарлады.

Чектөөнүн себеби электр кабелдерин алмаштырууга, дубалын актап-сырдоого байланыштуу экени айтылды.

Мындан улам эртең, 19-майдан тарта саат 5:00дөн 8:00гө чейин, 10:00дөн 12:00гө чейин, 14:00дөн 16:00гө чейин тоннель маал-маалы менен жабылып турат.

Бул учурларда коопсуздукту МАИ кызматкерлери көзөмөлдөйт. Чектөө болжолдо 28-июнда алынышы мүмкүн.

Айта кетсек, Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев 4-майда «Фейсбук» баракчасына быйыл Төө-Ашуудагы тоннель оңдоп-түзөлөрүн жазган.

Министр: Төө-Ашуудагы тоннель быйыл оңдолот

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM