Биз менен байланышыңыз

Министр: Төө-Ашуудагы тоннель быйыл оңдолот

Кыска кабар | 6 мая 2023 | 265 | 0

Төө-Ашуунун тоннели быйыл жасалат. Бул тууралуу транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, күн жылыгандан тарта тоннелдин ичине асфальт төшөө, жарыктарын алмаштыруу сыяктуу дагы башка оңдоп-түзөөлөр жүрөт.

«Жолду салганга жараша, сапаттуу салалы! Антпесек, кайра эле убара болобуз! Төө-Ашууда каттам да көп, андыктан ишти дыкат аткарууга тапшырма бергем», — деди министр.

Төө-Ашуудагы деңиз деңгээлинен 3200 метр бийиктикте жайгашкан тоннелдин жазылыгы 6 метр, узундугу 2650 метр. Бишкек-Ош жолун, анын ичинде Төө-Ашууга тоннель салуу 1957-жылы башталган. Тоннелдин курулушу 1964-жылы, жалпы жолдун курулушу 1965-жылы аяктаган.

Тоннелге Бишкек-Ош жолунун салынышын баштан-аяк көзөмөлдөп ишке ашырган Кыргызстандын тунгуч унаа жана жол министри Кусеин Көлбаевдин ысымы ыйгарылган.

Тоннелди 1999-2001-жылдары Кореянын «Самсунг» компаниясы капиталдык оңдоодон өткөргөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM