«Мурас» мүнүшкөрлүк борборунун жооптуу адамдарынын мыйзамсыз аракеттери аныкталганын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттен кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2020-жылы Түп районунун Тогуз-Булак айылында Президенттин иш башкармасынын алдындагы «Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы» ишканасынын аймагында жана Тогуз-Булак айыл аймагынын «Мурас» мүнүшкөрчүлүк борбору тарабынан бак-дарактар мыйзамсыз кыйылып, жайыт жерлеринин топурактары иштетилгени тастыкталган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө «Мурас» ЖЧКсынын жооптуу адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринен табият өзгөчө ири өлчөмдө 7 млн 700 миң сом зыянга учураганы такталган. Жүргүзүлгөн чаралардын жыйынтыгында зыяндын орду толтурулуп, өндүрүлгөн акча мамлекетке толук кайтарылды.