Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда көп кабаттуу имараттардын сапатын текшерген комиссия түзүлдү

Кыска кабар | 12 мая 2023 | 280 | 0

Курулуп бүткөн жана курулуп жаткан имараттардын сейсмологиялык жактан туруктуулугун текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлдү. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Чечимди чыгарууда Түркияда болуп өткөн жер титирөөлөр, ошондой эле дүйнөдөгү континенттик плиталардын жыла башташы, мындай табигый кубулуштардын Кыргызстандын аймагында да активдешип кетүү ыктымалы бар экени эске алынган.

Жумушчу комиссиянын курулуштарды текшерип чыгуусуна үч ай мөөнөт берилген. Анын жыйынтыгында алар Министрлер кабинетине убагынан кечиктирбестен маалымат тапшырууга тийиш.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM