Биз менен байланышыңыз

Ош облусунун Өзгөн районунда жер титиреди

Кыска кабар | 12 мая 2023 | 336 | 0

Ош облусунун аймагында жер титиреди. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 11-майда болжол менен саат 19:48де катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.

Жер титирөө Өзгөн районунун Шоро-Башат айылында — 3,5 балл, Өзгөн шаарында, Жыланды, Красный Маяк, Калта, Кара-Дөбө, Шералы, Кароол, Бакмал, Мырза-Арык айылдарында — 3 балл, Мырза-Аке, Ак-Жар, Большевик, Куршаб, Ничке-Сай айылдарында — 2,5-3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM