Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сот БШК мүчөсүнүн иши боюнча өкүм чыгарды

Кыска кабар | 11 мая 2023 | 318 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Акылбек Эшимовго карата Жогорку Соттун өкүмү чыкты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Белгилей кетсек, Эшимов 2021-жылы сентябрда ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип УКМК тарабынан кармалган. УКМКнын маалыматы боюнча, арыз жазган А.Д. аттуу жаран Эшимов 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо «Кыргызстан» партиясынын алдыңкы бешинчи тизмесине киргизүү үчүн 550 миң доллар алганын билдирген. Бирок убада аткарылган эмес жана Эшимов ага 300 миң долларды кайтарып, калган 250 миң долларды бербей койгон.

Жогорку Соттон билдиришкендей, иш алгач Биринчи Май райондук сотунда каралып, былтыр 28-апрелде Эшимовду күнөөсүз деп тапкан.

Кийинчерээк, 26-октябрда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын өкүмүн жокко чыгарган. Шаардык сот Эшимовду Кылмыш кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгү (2017-жылдагы редакция) боюнча күнөөлүү деп таап, беш жылга эркиндигинен ажыраткан. Ошол эле учурда камактагы жазадан бошотуп, үч жылдык пробация белгилеген.

Аталган иш быйыл 12-апрелде Жогорку Сотто каралып, шаардык соттун өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM