Биз менен байланышыңыз

«Алтын тамга»: 167 бүтүрүүчү артыкчылык аттестатына ээ болот

Кыска кабар | 11 мая 2023 | 821 | 0

Кыргызстанда «Алтын тaмгa» жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясынын негизинде «Артыкчылык аттестатын» алуу укугуна ээ болгон окуучулар аныкталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

2022-2023-окуу жылынын соңунда 167 бүтүрүүчү жалпы орто билими тууралуу «Артыкчылык аттестатын» алат:

— Баткен облусунан – 14 окуучу;
— Бишкек шаарынан – 76 окуучу;
— Жалал-Абад облусунан – 10 окуучу;
— Нарын облусунан – 6 окуучу;
— Ош шаарынан – 8 окуучу;
— Ош облусунан – 20 окуучу;
— Талас облусунан – 5 окуучу;
— Чүй облусунан – 21 окуучу;
— Ысык-Көл облусунан – 7 окуучу

Эске сала кетсек, «Алтын тамга» тестирлөөсү республика боюнча 2023-жылдын 25-апрелинде өткөрүлүп, ага 11-класстын 2 миңдей окуучусу катышкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM