«Кыял» элдик кол өнөрчүлүктүн улуттук бирикмеси» мамлекеттик ишканасынан коррупциялык схемалар аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, аталган бирикменин жооптуу кызматкерлери базардагы соодагерлерден мыйзамсыз акча чогултуу схемасын уюштуруп алышканы аныкталган.
«Сот органдарынын чечиминин негизинде тинтүү жүргүзүлүп, мыйзамсыз ижарага берүү үчүн акча чогултуунун далилдери табылып, ошондой эле «Кыял» ишканасы коммерциялык-өндүрүштүк жайларын расмий каттоосуз 12 миң долларга мыйзамсыз сатуу фактылары аныкталды. Мекемелер аралык комиссия түзүлүп, мамлекетке келтирилген чыгымдын так суммасы аныкталууда», — деп айтылат маалыматта.
УКМК тарабынан кылмышка шектүү катары «Кыялдын» мурдагы директору А.Э.Э., базардын контролерлору О.У.А., Н.у.Н. жана Ж.у.А., ошондой эле аталган коррупциялык схемага тиешеси бар адамдар А.А.А. жана А.Э.М. кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
«Учурда коррупциянын башка көрүнүштөрүн, ошондой эле бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча зарыл болгон тергөө жүргүзүлүп, тиешелүү текшерүүлөр дайындалды», — деп билдирет УКМК.
Белгилүү болгондой, соода жайларын жабдууда өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу фактылары аныкталган. Ал материалдык гана эмес, калк арасында да курмандыктарга алып келиши мүмкүн.