Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын жаңы башкы консулдуктары пайда болот. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Орусиянын Санкт-Петербург жана Казань шаарларында Кыргызстандын жаңы башкы консулдуктары пайда болот.
Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.
Документтерге Кыргызстандын жарандарынын Орусияда мыйзамдуу ыңгайлуу жүрүүсүнө көмөк көрсөтүү максатында кол коюлган.