Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 8 мая 2023 | 218 | 0

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча жарлыкка кол койду. Бул тууралуу РИА Новости маалымат агенттиги жазды.

Ал өз ыктыяры менен президенттик кызматын 3,5 жыл мөөнөтүнөн баш тартып жатканын белгиледи. Ошондой эле, мындай чечимге Конституциянын өзгөргөнү себеп болгонун айтты. Өлкөнүн Баш мыйзамы боюнча учурдагы президент Шавкат Мирзиёев шайлоого кайрадан катыша алат.

«Жаңыланган конституциянын 128-беренесиндеги өлкө президентине берилген ыйгарым укуктардан пайдаланып мен экинчи маанилүү жарлыкка кол койдум. Ага ылайык, биздин өлкөдө президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлөт», — деди ал.

Шавкат Мирзиёев өлкө башчылыгына 2016-жылдын декабрь айында Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов каза болгондон үч ай өтүп кезексиз шайлоодо келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM