Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын согуш ардагерлерине акчалай жардам көрсөтүлдү

Кыска кабар | 8 мая 2023 | 231 | 0

Жеңиш майрамынын урматына согуштун ардагерлерине 100 миң сомдон бир жолку материалдык жардам көрсөтүлдү. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине ай сайын 7 миң сомдон кенемте жана 10 миң сом өлчөмүндө президенттин атынан стипендия берилет. Мындан тышкары, жыл сайын 20 миң 400 сомдон бир жолку материалдык жардам төлөнөт.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 64 ардагери бар. Бир жыл мурун алардын саны жүзгө жакын болгон.

Быйыл согуштун аяктаганына 78 жыл толду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM