Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионатында Улукбек Жолдошбеков коло медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 13 Апр 2023 | 333 | 0

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде Улукбек Жолдошбеков коло медаль алды.

Эркин күрөш боюнча 65 кг салмакта килемге чыккан Улукбек Жолдошбековдун тандоо турундагы атаандашы филиппиндик Чловелле Ван Адолфо күрөштөн баш тартып, кыргызстандык балбанга жеңиш ыйгарылган.

Чейрек финалда монголиялык Тулга Тумур Очирге 4:0 эсебинде утулуп калган. Бирок Тулга Тумур Очир жарым финалда өзбекстандык балбанды жеңип, финалга чыкканына байланыштуу Улукбек коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алган.

Финалдык беттеште Улукбек Жолдошбеков менен өзбекстандык балбан Умиджон Жалолов 2:2 эсебинде тең чыгып, акыркы аракетти жасаганы үчүн кыргызстандык балбан жеңүүчү деп табылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM