Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионатында Алмаз Сманбеков күмүш медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 13 Апр 2023 | 474 | 0

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде Алмаз Сманбеков күмүш медаль алды.

Эркин күрөш боюнча 57 кг салмактагы Алмаз Сманбековдун тандап алуу турундагы атаандашы пакистандык Мухаммад Билал күрөштөн баш тарткандыктан, жеңиш кыргызстандык балбанга ыйгарылган.

Чейрек финалда казакстандык Рахат Калжанды 4:2 эсебинде, жарым финалда монголиялык Занабазар Занданбудду 8:6 эсебинде утуп, финалга өткөн.

Финалда индиялык Аман Аманга 4:9 эсебинде утулуп калды.

Эске салсак, Алмаз Сманбеков былтыр, 2022-жылы Улан-Батордо өткөн Азия биринчилигинде коло медаль алган.

Copyright © 2017 Maral FM