Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионатында Айсулуу Тыныбекова финалга чыкты

Кыска кабар , Спорт | 12 Апр 2023 | 762 | 0

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан Азия биринчилигинде Айсулуу Тыныбекова алтын медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

62 кг салмактагы кыргызстандык балбан кыз беттешин чейрек финалдан баштап, алгачкы атаандашы өзбекстандык Дилфуза Аимбетованы көтөрүп чаап, далысын килемге басып утуп кетти.

Жарым финалда япониялык Нонока Озока менен 2:2 эсебинде тең чыгып, Айсулуу Тыныбекова 2 упайды чогуу, ал эми жапон кыз бир-бирден бөлүп алганы үчүн жеңиш кыргызстандык балбанга ыйгарылды.

Айсулуу Тыныбекова финалда монголиялык Орхон Пуревдорж менен күрөшөт.

Copyright © 2017 Maral FM