Биз менен байланышыңыз

Азия чемпионатында Калмира Билимбек кызы коло медаль алды

Кыска кабар , Спорт | 11 Апр 2023 | 240 | 0

Казакстандын Астана шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча Азия биринчилигинде Калмира Билимбек кызы коло медаль алды.

59 кг салмакта килемге чыккан Калмира Билимбек кызы айлампа стилинде күрөшүп, биринчи айлампада казакстандык Диана Каюмованы 2:1 эсебинде, үчүнчү айлампада өзбекстандык Сарвиноз Жиенбаеваны 11:0 эсебинде утуп алган.

Жарым финалда кытайлык Жуомалага менен күрөшүп, 2:6 эсебинде жеңилип калган.

Коло медаль үчүн болгон беттеште кайрадан казакстандык Диана Каюмовага кез келип, бул жолу 11:6 эсебинде жеңип алды.

Күрөш боюнча Азия биринчилиги 9-апрелде башталган. Учурда Кыргызстандын капчыгында 3 алтын, 1 күмүш, 4 коло медаль бар.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM